Мамлекеттик Думанын КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин башчысы Леонид Калашников РИА Новости агенттигине берген маегинде орус коомун бөлүү аракеттеринин ийгиликсиз болушуна президент Владимир Путиндин эмгеги чоң салым кошконун билдирди.
Депутаттын айтымында, Украинага жетекчилер жагынан жолу болбой, натыйжада бийликке улутчулдар келген. Ошентсе да өткөн тажрыйба орустар менен украиндердин бир эл экенин көрсөтүп турат.
Калашников Советтер Союзунун да эмгегин белгилеп, ал "бир да тилди, бир да маданиятты бузган эмес" деп кошумчалады.























