2026-жылга арналып отургузулчу эгин аянты Кыргызстан боюнча 1 миллион 264 миң 800 гектарга түзүлүп, 2025-жылга караганда 19 миң 358 гектарга же 1,6%га өскөн. Бул тууралуу аймактар боюнча маалыматтар көрсөтүп турат.

Нарын облусунда эгин аянты 11 миң 211 гектарга (9,7%) өсүп, 126 миң 843 гектарга жетти. Жалал-Абад облусунда 6 миң 57 гектарга көбөйүп, жалпы 170 миң 63 гектарды түздү.