2026-жылдын январь-март айлары аралыгында Кыргызстандын туруктуу калкы 45 500 адамга көбөйгөнү белгилүү болду. Бул өсүш 0,6 пайызды түзүп, жалпы калктын саны 7 миллион 450 миңге жетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 1-июнга карата Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 370,6 миң адамга жетсе, Ош шаарында 489,3 миң адам катталган.

"Кызмат" мамлекеттик мекеменин маалыматы боюнча, ушул эле мезгилде 53 800 жаңы төрөлгөн бала катталган. Ал эми каза болгондордун саны 13 100дү түздү. Муну менен калктын табигый өсүшү 40 700 адамга, же миңге 13,2 адамга жетти.

Аймактар боюнча калктын эң жогорку табигый өсүшү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталса, Бишкекте эң төмөн деңгээлде болду.

2026-жылдын январь-май айларында 16 986 нике катталганын белгилөөгө болот, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 928 нике көп.

Ошону менен бирге, ажырашуулардын саны да өскөн — 2026-жылдын январь-май айларында 6 158 ажырашуу катталса, 2025-жылы 5 516 учур болгон.