Бишкекте Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жана Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) өкүлдөрү жолугуп, Кыргызстандын авиация тармагынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Жолугушуунун негизги темаларынын бири авиация тармагын узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу, эл аралык маршруттук түйүндү кеңейтүү болду.
Мындан тышкары аэропорт инфраструктурасын өнүктүрүү, жер-жердеги тейлөөнү жакшыртуу, эл аралык стандарттарды жана санарип чечимдерди киргизүү маселелери да каралды.
IATA өкүлдөрү кыргыз жарандык авиациясындагы оң өзгөрүүлөргө токтолуп, бул тармакты өнүктүрүүдө эксперттик жана консультациялык колдоону улантууга даяр экенин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну кеңейтүү, эл аралык тажрыйба менен алмашуу жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жөнүндө макулдашты.





