«Манас Ордо» комплексинин кызматкерлери шам чырактардын дизайнын өздөрү иштеп чыгышкан. Жасалгасында кыргыз элинин байыркы тарыхын, руханий мурасын жана «Манас» эпосунун дүйнөсүн чагылдырган белгилер камтылган.
Дизайндагы улуттук белгилер
Шам чырактарда Манас атанын хандык Ай Тамгасы жана байыркы түрк руникалык жазууларынын үлгүлөрү колдонулган. Алтын түстөгү жасалгалар бийиктикти, улуулукту жана руханий байлыкты туюндурат.
Комплекстин ар кайсы бөлүктөрүнө орнотулган шам чырактар күндүз архитектуралык көрк берип, кечинде аймакты жарыктандырат. Ал эми музейдин алдына коюлган өзгөчө үлгүлөр имараттын архитектурасына шайкеш жасалып, кире беришке салтанаттуу көрүнүш тартуулады.
Жаңы шам чырактар комплекстин жаңыланган келбетин улуттук белгилер менен айкалыштырып, «Манас Ордо» руханий мурастарды сактоо менен катар аны заманбап архитектуралык чечимдер аркылуу даңазалаган жай экенин айгинелейт.




















