Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда Чечме булагын биргелешип пайдалануу боюнча расмий келишимге кол коюлду. Бул документ 30-июлда Ысык-Көлдө эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев тарабынан кол коюлган келишимдердин пакетине кирди.

Чечме булагы кыргыз-өзбек чек арасындагы маанилүү суу ресурсу болуп саналат жана анын натыйжалуу пайдаланылышы аймактагы суу маселелерин жөнгө салууга өбөлгө түзөт. Келишим эки тараптын ынтымакташууну күчөтүп, экологиялык маселелерди жолуна коюуга мүмкүндүк берет.