Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Өзбекстан тарапка кыргызстандык картошканы жеткирүүдө кошумча нарк салыгын (КНС) алып салууну сунуштады. Бул сунуш Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов менен болгон жолугушууда көтөрүлгөн.}}{ ype la

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүлөр Акунбековдун Өзбекстанга жасаган жумушчу визитинин алкагында өттү. Тараптар президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашууларын ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушууда кыргызстандык картошканы экспорттоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Эрлист Акунбеков бул продукцияны Өзбекстанга жеткирүүдө КНСны алып салуу боюнча демилгесин айтты.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда жергиликтүү фермерлердин кайрылуусуна жооп катары картошка экспортуна КНСны алып салуу маселесин карап чыгууну тапшырган экени белгиленген.

Өзбекстандын айыл чарба министри Иброхим Абдурахмонов Кыргызстандан картошка жана башка айыл чарба продукцияларын импорттоо үчүн «жашыл коридор» түзүү демилгесин илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана сактоо боюнча биргелешкен ишкана түзүү боюнча макулдашты. Долбоорду Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоо пландалууда.

Дагы бир макулдашуу үрөнчүлүк боюнча болду. Кыргызстандын аймагында үрөн өндүрүшүн уюштуруп, андан кийин аны Өзбекстандын рыногуна сатуу пландалууда.