Алматы шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлис Акунбеков менен Казакстандын айыл чарба министри Айдарбек Сапаров эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги темасы – азык-түлүк буудайын туруктуу жеткирүүнү камсыз кылуу болду. Ошондой эле Казакстандын аймагынан Орусиялык дан транзиттөө маселеси, минералдык жер семирткичтерди жеткирүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана санариптештирүү, асыл тукум мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызматташтык каралды.
Министрлер эки мамлекеттин агрохолдингдери менен биргеликте азык-түлүк буудайын жеткирүү боюнча аракеттерди күчөтүүгө даяр экенин билдиришти. Кыргыз тарап орусиялык данды Казакстан аркылуу үзгүлтүксүз транзиттөө үчүн чечимдерди табууну сунуштап, казак буудайын сатып алууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Бул жолугушууда ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө инвестиция тартуу, логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, айыл чарбасын санариптештирүү жана асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Министрлер мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.









