Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу көрсөткүчү акыркы беш жыл ичинде 25 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин биринчи орун басары Курсантбек Омурбеков «Биринчи радио» эфирүндө билдирди.
Энергия керектөөсүнүн өсүшүнө жаңы объекттердин көбөйүшү себеп болуп жатат. Бул мезгил ичинде өлкөдө болжол менен 1 миң объект ишке киргизилген. Ошондой эле өнөр жайдын өнүгүшү, курулуш иштери жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча турак жайлардын курулушу керектөөнү арттырган.
Энергетика тармагы керектөөнүн өсүш темпи менен кубаттуулукту көбөйтүүгө жетишпей жатканын белгилеген Омурбеков, жаңы объекттердин пайда болушу менен энергияга болгон муктаждык тез арада өсүп кетип жатканын айтты.
Энергия балансы
Курсантбек Омурбековдун айтымында, СССР талкаланган учурдан бери өлкөдө жаңы генерациялоочу кубаттуулуктар ишке киргизилген эмес, болгону Камбар-Ата ГЭС-2дө бир агрегат иштетилген. Учурда тармакка чоң каражаттар бөлүнүп, гидроэлектростанциялар реконструкцияланууда. Мисалы, Токтогул ГЭС 100 пайыз модернизацияланып, кубаттуулугу 1200 МВтттан 1440 МВттга чейин жогорулатылды.










