Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, өлкө Молдовада өткөн эл аралык форумда кам көрүү системасын өнүктүрүү боюнча төрт улуттук артыкчылыкты сунуштады.

«Инклюзивдүү экономикалык өсүү, гендердик теңчилик жана кам көрүү системаларына инвестициялар» аталышындагы иш-чара 2-ноябрда өттү. Ага министрдин орун басары Аида Исатбек кызы катышып, Европа жана Борбордук Азия үчүн 2026–2030-жылдарга арналган аймактык иш-аракеттер программасынын башталышы талкууланды. Демилгени 16 өлкө колдоду.

Өлкөнүн милдеттенмелери

Ведомствонун маалыматы боюнча, Кыргызстан сапаттуу кам көрүү кызматтарына жеткиликтүүлүктү, өзгөчө айыл жана алыскы аймактарда кеңейтүүнү пландоодо. Ошондой эле бул тармактагы кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу, каржылоону тартуу жана мамлекеттик программаларды иштеп чыгууда кам көрүү маселелерин эске алуу каралган.

Өзгөчө көңүл үй-бүлөлүк милдеттерди аялдар менен эркектердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүүгө бурулууда. БУУ-Аялдар түзүмүнүн маалыматы боюнча, Европа жана Борбордук Азияда аялдар эркектерге караганда үй жумуштарына жана жакындарына кам көрүүгө 3,4 эсе көп акы төлөнбөгөн эмгек жумшашат. Ошол эле учурда акы төлөнүүчү кам көрүү тармагындагы кызматкерлердин 75% дан ашыгын аялдар түзөт.

Биз кам көрүү чөйрөсүнө инвестициялар — бул адам капиталына, татыктуу иш менен камсыз кылууга, гендердик теңчиликке жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө салынган каражат деп ишенебиз.
Аида Исатбек кызы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары

Аймактык программа 2030-жылга чейин эсептелген жана өлкөлөрдүн ыктыярдуу кызматташуусун, тажрыйба алмашууну жана чөйрөнү өркүндөтүүнү карайт.

Кам көрүү тармагындагы гендердик диспропорция

3,4 эсеаялдар эркектерге караганда көбүрөөк акы төлөнбөгөн эмгек аткарышат
75%акы төлөнүүчү кам көрүү тармагындагы кызматкерлердин аялдар үлүшү