Бишкекте межведомстволук жумушчу топ тарабынан 2030-жылга чейин кедейчиликти кыскартуу жана эмгек менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча улуттук план долбоору талкууланды.

Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары Мирлан Байгончоков бул документ мамлекеттин жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн негизги саясат куралы болорун билдирди.

Анын айтымында, кедейчиликти кыскартуу социалдык колдоодон сырткары, жаңы жана сапаттуу жумуш орундарын түзүү, ишкердикти өнүктүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталат.

Кыргызстанда кедейчилик деңгээли (2025-жыл)

24%жалпы кедейчылык
1,7%азайган көрсөткүч

Программада аймактарда эмгекти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү, жаңы иш орундарын түзүү, ошондой эле эмгек миграциясы жана кайтып келген жарандардын рынокко интеграциясын жакшыртуу артыкчылыктуу багыттар катары белгиленди.