29-октябрда Эл аралык камкордук жана колдоо күнү белгиленди. БУУ балдарга, улгайган жана оорулуу туугандарга кам көрүү, үй чарбасын жүргүзүү жана үй-бүлөнүн күнүмдүк жашоосун уюштуруу негизинен аялдардын милдети деген түшүнүктү кайра карап чыгууга чакырды.
БУУнун маалыматына ылайык, аялдар жана кыздар дүйнө жүзү боюнча акы төлөнбөгөн камкордук эмгегине эркектерге караганда күн сайын 2,5 эседен ашык убакыт коротушууда. Натыйжада алардын билим алуу, акы төлөнүүчү иш, коомдук жашоого катышуу жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрү азаят.
Ар бирибиз камкордукка муктажбыз жана ар бирибиз башкаларга кам көрүшүбүз керек» — деп эскертет уюм, камкордук жана колдоо жоопкерчилиги адилеттүү бөлүштүрүлүшү керектигин баса белгилейт.
Камкордук эмгегине эмне кирет?
Мындай эмгекке балдарга, улгайган жана оорулуу адамдарга түздөн-түз кам көрүү гана эмес, ошондой эле күнүмдүк көптөгөн милдеттер кирет: тамак даярдоо, тазалоо, балдарды мектепке коштоо, дарыгерлерге баруу, үй-бүлөлүк иштерди пландоо жана тиричиликти уюштуруу. Бул эмгек олуттуу физикалык, эмоционалдык жана акыл эмгегин талап кылганына карабастан, анын көпчүлүк бөлүгү акы төлөнбөй, коом тарабынан жетиштүү бааланбай калууда.
Камкордук экономикасы: эмне үчүн маанилүү?
БУУ белгилегендей, камкордук иши — акы төлөнүүчү да, акы төлөнбөгөн да — коомдун жана экономиканын иштешинде маанилүү роль ойнойт. Ошол эле учурда балдарга жана улгайган адамдарга кам көрүү кызматтарына суроо-талап дүйнөнүн бардык аймактарында өсүүдө. Буга өмүрдүн узарышы, үй-бүлө структурасынын өзгөрүшү жана башка факторлор таасир этүүдө.

















