Зулумбек Исабеков 1954-жылы 1-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кичи-Ак-Жол айылында туулган. Ал Фрунзедеги дене тарбия жана спорт институтун аяктап, кийин Аксы районундагы мектептерде мугалим болуп иштеген.
Ар кайсы жылдары Зулумбек Исабеков Аксы райондук аткаруу комитетинин дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген. 1993-жылы Жалал-Абад облустук балдар спорт мектебинин директору болуп дайындалган, кийинчерээк облустук спорт коомун жетектеген.
2000-жылдан тартып Билим берүү министрлигине караштуу «Жаштык» спорт борборунун директору кызматын аркалаган. Ошондой эле Дене тарбия жана спорт академиясынын спорттук оюндар кафедрасын башкарган, окуу жайдын ардактуу профессору жана Кыргызстан Волейбол федерациясынын ардагери болгон.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын спортуна эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам ыйгарылган.























