Кыргызстанда бинардык опциондорду расмий түрдө кумар оюндары катары таануу жана аларды уюштурууга тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Маматовдун айтымында, өлкөдө жарандарга акциялардын, валюталардын жана башка активдердин баасынын өзгөрүшүнөн акча табууну сунуштаган финансылык схемалар дагы эле кеңири таралууда. Айрым платформалар иш жүзүндө кумар оюндарынын принциби менен иштешет.
Финнадзордун башчысы тиешелүү мыйзамдык өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин профилдик комитетинде экинчи окууда каралып, жактырылганын кошумчалады.
Эске салсак, 27-октябрда каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети «Кыргыз Республикасынын кумар оюндары жана лотереялар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдогон.
Документте бинардык опциондор форматындагы кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салуу, аларды жарнамалоого жана жайылтууга, ошондой эле жарандарды мындай схемаларга катышууга тартууга бөгөт коюу каралган.
Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандарынан жана резиденттеринен кумар оюндарына байланышкан операцияларга акча каражаттарын жана виртуалдык активдерди кабыл алууга тыюу салуу сунушталууда. Мыйзам долбоору ошондой эле мыйзамсыз кумар оюндары үчүн кылмыш жоопкерчилигин күчөтүүнү көздөйт.

















