2024-жылдан бери республикада түрдүү сериалдар тартылып келүүдө. 2025-жылы алтыга жакын сериал чыгарылган. Алардын сапатынын жогору болушу үчүн бюджеттен сериялардын санына, үнөмдүү костюмдарга жана жасалгаларга карата ар түрдүү каражат бөлүнөт.

Мисалы, «Дарыгер» сериалына 30 миллион сомго жакын каражат жумшалган. Бул көрсөткүч чет өлкөлүк өндүрүштөрдүн деңгээлине жакын деп бааланууда.

Сериалдар негизинен кыргыз тилинде тартылып, көрүүчүлөрдүн ыңгайлуу көрүшү үчүн орус тилиндеги субтитрлер да каралган.

Ранее по темеКыргызстанда 2026-жылы шамамен он сериалдарды тартуу пландалып жатат

Ошондой эле, быйыл 5-7 телеспектакль тартуу максатында иштер жүрүп жатат. Бул көрүүчүлөрдүн сұранышын канааттандыруу үчүн жасалып жатат.

Телеспектаклдба карата бюджет 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин деп белгиленди. Андан тышкары, мектепке чейинки жаш курактагы балдар үчүн да телеспектаклдер даярдалат. Бирок бул Куурчак театрынын оңдоп-түзөөдөн соң гана ишке ашат.

Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына былтыр 78 миллион сом бөлүнүп, анын ичинде грим бөлмөлөр, жуунуучу жайлар жана башка имараттар оңдолгон.