Күзүндө аба ырайы алдамчы болуп калат: күндүз күн жылуу болсо, эртең менен жана кечинде температура кескин төмөндөп, суук шамал күчөйт. Мындай өзгөрүүлөр организмдин жаңы шарттарга көнүүсүн талап кылат, ошондуктан респиратордук инфекциялардын алдын алууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору күзүндөгү суукка даярдануу жана сезондык оорулардын коркунучун азайтуу үчүн жөнөкөй адаттарды сунуштады.

Көп катмарлуу кийим кийүү эрежеси

Күзүндөгү эң көп кылган каталардын бири — туура эмес кийим тандоо. Көпчүлүк адамдар эртең менен жылуу куртка менен чыгып, күндүз ысып, тердеп, ал эми кечинде ыңгайсыз кийим менен суук шамалга кабышы мүмкүн.

Адистер температуранын өзгөрүшүнө оңой ыңгайлашуу үчүн көп катмарлуу кийим кийүүнү сунушташат. Мисалы, футболка же жеңил көйнөк, андан кийин кардиган же свитер, эң сыртына болсо ветровка же жеңил плащ кийүү натыйжалуу болот. Ошондой эле кечки суук шамалдан коргоо үчүн жаныңызда жеңил шарф алып жүрүү пайдалуу.

Бөлмөлөрдү желдетүү маанилүүлүгү

Күзүндө адамдар жабык бөлмөлөрдө көбүрөөк убакыт өткөрүшөт, бул абанын сапатын төмөндөтөт. Жэлдетпилбеген бөлмөлөрдө инфекциялык аэрозолдор топтолушу мүмкүн, өзгөчө жаныңызда респиратордук инфекциясы бар адам болсо.

Ден соолукту чыңдоо борбору үй-бүлөлүк жайларда жана жумуш ордунда абаны үзгүлтүксүз жаңылап турууну сунуштайт.