Арслан Койчиев музейге келген учурда экспонаттардын учурдагы абалы жана аларды сактоо шарттары менен таанышты. Ал музейдин концепциясын өркүндөтүү жана тарыхый-маданий мурасты заманбап талаптарга ылайык чагылдыруу боюнча тарыхчылардын жана илимий коомчулуктун сунуштарын угуп чыкты.

Кеңешмеге Маданият министрлигинин кызматкерлери, музейдин жетекчилиги, Президенттин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун жетекчилиги жана окумуштуулары катышты. Мындан тышкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана регион таануу институтунун директору, белгилүү тарыхчылар, археологдор жана эксперттер катышуу менен иш алып барды.

Талкуунун жыйынтыгында бир катар актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Алардын ичинде тарыхты мезгилдүүлүккө бөлүү, акыркы археологиялык казуу иштери учурунда табылган баалуу артефакттарды экспозицияларга жайгаштыруу жана көргөзмөлөрдүн илимий мазмунун байытуу маселелери бар.