Кыргызстандын тарыхын, маданиятын жана руханий баалуулуктарын бир жерге топтоо максатында жаңы энциклопедия түзүлүүдө. Бул долбоордун алкагында адистер келечектеги эмгектин түзүмүн, илимий негиздерин жана ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, окумуштуулар, манас таануучулар, маданият жана искусство ишкерлери, ошондой эле улуттук мурастын ар кыл багыттары боюнча адистер катышты.

Энциклопедия кыргыз элинин кылымдарды карыткан тарыхын, мамлекеттүүлүгүн, руханий дүйнөсүн, материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын, илимин, адабиятын жана искусствосун бирдиктүү иилимий тутумда чагылдырган жалпы улуттук маанидеги эмгек болушу керектигин
Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы

Энциклопедиянын мазмуну кандай болот?

Долбоордун алкагында кыргыз элинин маданиятынын бардык тармактарын камтуу пландалууда. Өзгөчө төмөнкү багыттарга көңүл бурулат:

  • Кыргыз тарыхы жана мамлекеттүүлүгү
  • «Манас» эпосу жана манасчылык өнөрү
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Улуттук музыка, искусство жана архитектура
  • Кол өнөрчүлүк жана салттуу турмуш-тиричилик
  • Улуттук тамак-аш маданияты жана элдик билимдер
  • Улуттук спорт жана көрүнүктүү инсандар