Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 1916-жылдагы Үркүн окуяларынын 110 жылдыгына карата Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында өткөн эскерүү иш-чараларына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ал трагедиялуу окуяларда курман болгон мекендештердин жаркын элесин эскерди.
Өз сөзүндө Мамлекеттик катчы Үркүн кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири жана улуттук тарыхый эс тутумдун ажырагыс бөлүгү экендигин белгиледи. Ал курман болгондорду эскерүү өткөндү өч алуу үчүн эмес, тарыхый чындыкты сактоо, ата-бабалардын басып өткөн жолун терең аңдап-түшүнүү жана келечек муундар алдындагы жоопкерчиликти аңдоо үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса көрсөттү.
Арслан Койчиев 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, абийирге жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө умтулуусун бекемдеп, заманбап көз карандысыз Кыргыз мамлекетинин негизин түптөөчү тарыхый факторлордун бири болгонун белгиледи.
Мамлекеттик катчы Кызыл-Дыйканда жана "Ата-Бейит" комплексинин аймагында өткөн иш-чаралардын тарыхый эс тутумду сактоодогу маанилүү ролун баса белгилеп, Үркүн учурунда курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө гана эмес, мамлекеттин эс тутумунда жана абийиринде да түбөлүккө сакталышы керектигин айтты.


















