Кыргызстандын Улуттук тарых музейинин фондуна белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкерим Сыдыковго таандык баалуу тарыхый экспонат тапшырылды.
Бул тууралуу музейдин директору Назгүл Омурзакова 31-июль күнү Абдыкерим Сыдыковдун уулу Эрмек Сыдыков жана тарыхчы, окумуштуу Зайнидин Курманов менен болгон жолугушууда билдирди.
Жолугушууда тараптар улуттук тарыхый-маданий мурастарды сактоо, музей фонддорун толуктоо, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Зайнидин Курманов музейдин илимий китепканасына өзүнүн илимий эмгектерин жана тарыхый адабияттарды белекке тапшырды.
Алыскы тууганы Эрмек Сыдыков болсо Абдыкерим Сыдыковго кыргыз мамлекеттик түзүлүшүнүн 100 жылдыгына карата берилген юбилейдик медалын жана аны бекиткен күбөлүктү музейге өткөрүп берди.
Назгүл Омурзакова мындай баалуу экспонаттарды кабыл алуу улуттук тарыхты сактоого жана аны келечек муундарга жеткирүүгө маанилүү салым экенин баса белгиледи.
Ал ошондой эле музей илимий кызматташууга, тарыхый мурастарды изилдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым ачык экенин кошумчалады.











