Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айыл аймагына караштуу Военно-Антоновка айылындагы жалпы билим берүү мектебинде болгон өрт мектептин имаратына олуттуу зыян келтирди. Айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, зыяндын жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашык болду.

Бул окуя 29-октябрда болгон. Өрт учурунда бир кабинет толугу менен күйүп кеткен. Кийинчерээк, 13-ноябрда Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү мектепке келип, 2 миллион 993 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмүн төлөшкөн.

Мектепке келген зыяндын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү

5 285 000жалпы зыян (смета боюнча)
2 993 000камсыздандыруу төлөмү

Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, зыян бир кабинет менен чектелбеген. Өрттүн кесепетинен эки бөлмө, чатыр жана терезелер жабыркап, төмөнкү класска суу сиңген. Ошондой эле коридорду оңдоо жана жаңы эмеректерди сатып алуу зарылчылыгы келип чыккан.

Алар зыянды имарат үчүн гана төлөшөт, мүлк үчүн эмес. Жалпысынан зыяндын сметалык наркы болжол менен 5 миллион 285 миң сомду түзөт.
Айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү

Мектептин директорунун орун басары Айгүл Жусупбекованын айтымында, өрт учурунда математика сабагы жүрүп жаткан. Өрт өчүрүүчүлөр отту сөндүрүшкөн, бирок түтүн коридорду жана кошумча эки кабинетти кара түскө боёп салган.

Учурда камсыздандыруу компаниясы төлөбөгөн калган каражаттар жергиликтүү бюджеттен бөлүп берилет. Бул каражаттар мектептин толук калыбына келтирилүүсү үчүн жумшалат.