Кыргызстандын шайлоо инфраструктурасын текшерүү үчүн 18-ноябрда өзгөчө иш-чара өткөрүлөт. Бул процесс шайлоо системасынын иштешин текшерүү жана жарандарды добуш берүү тартиби менен тааныштыруу үчүн жасалууда.

Бул иш-чаранын алкагында калк өзүнүн маалыматтарын шайлоочулардын тизмесинен текшерип, биометрикалык идентификациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле каалоочулар добуш берүү процедурасын сынак режиминде көрүп чыкса болот.

2 492шайлоо участоктору
4 467 040шайллоочулардын болжолдуу саны

Маанилүү жагдай: бул чыныгы шайлоо эмес, техникалык тестирлөө болуп саналат. Ошондуктан, бул иш-чаранын жыйынтыктары президенттин шайлоосун аныктоодо эске алынбайт.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Президентинин шайлоосу 2027-жылдын 27-январында белгиленген. Жарандар өз маалыматтарын tizme.gov.kg порталы аркылуу да текшере алышат.