Бишкектеги №2 Военно-Антоновка жалпы билим берүүчү мектебинде 29-октябрда төртүнчү сабак учурунда өрт чыккан болчу. ГСОнун «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында мектептин директору Тамара Чукурова камсыздандыруу төлөмүнүн алынганын маалымдады.

Өрттүн себеби электр зымдарынын кыскарышы болгон. Тамара Чукурованын айтымында, балдарды тез арада эвакуациялоонун аркасында эч ким жабыркаган эмес. Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге жетүүгө тез үлгүрүшкөн.

Өрт учурунда эки кошуна кабинет жабыркап, өрттү өчүрүүдө колдонулган суунун натыйжасында биринчи кабаттагы бир кабинет суу болуп кеткен.

Замкнуло провода и задымилось. Благодаря оперативной эвакуации детей никто не пострадал
Тамара Чукурова, мектептин директору

ГСО адистери зыянды баалоо үчүн бир нече жолу мектепке келип, андан соң окуядан эки жума өткөндөн кийин төлөмдү ишке ашырышты.