Евразия экономикалык комиссиясынын адистери агроөнөр жай комплексине жасалма интеллектти киргизүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу ЕЭКтин билдирүүсүндө айтылган.

ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча министри Гоар Барсегяндын белгилөөсүнчө, санаалык суверенитетти сактап калуу жана технологияларды алмашуу шарттарында жасалма интеллектти колдонуу бизнестин натыйжалуулугун жана союз мүчө өлкөлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулата алат.

Комиссия жана мүчө мамлекеттердин күч-аракети бүгүнкү күндө айыл чарба өндүрүшүн тездетүүгө багытталган. Анын башкы фактору — алдыңкы технологияларды киргизүү жана агрардык рынокту санаалаштыруу.
Гоар Барсегян, ЕЭКтин өнөр жай жана АӨК боюнча министри

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар ЕЭК менен БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) биргелешкен изилдөөсүн улантуу боюнча макулдашты. Бул изилдөө агроинновацияларды жана технологияларды өткөрүп берүү үчүн санаалык мейкиндикти түзүүгө багытталган.