Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардактуу наам ыйгаруу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирди.
Сыйлыктар Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле кесиптик ишмердүүлүктөгү чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.
«Эмгек Баатыры» наамы
Жогорку даражадагы «Эмгек Баатыры» наамы министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиевге ыйгарылды.
«Манас» ордени
I даражадагы «Манас» ордени менен төмөнкүлөр сыйланды: Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков жана президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
III даражадагы «Манас» ордени министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматкановго ыйгарылды.
«Даңк» ордени
«Даңк» ордени менен бир катар кызмат адамдары сыйланды: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов, президенттин администрациясынын протокол кызматынын жетекчиси Даврон Алмазбеков, ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын командачысы, гвардиянын полковниги Данияр Исаков жана президенттин администрациясынын уюштуруу иштери жана өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Кутманов.






















