Бишкек шаарынын мэриясы 13-октябрда саат 09:00дөн 14-октябрдын 00:00үнө чейин, тактап айтканда 15 саат бою таза суу берүү токтотуларын маалымдады. Чектөө турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, өнөр жай ишканаларына жана башка объекттерге тийет.
Суу кайсы көчөлөрдө болбойт?
Мэриянын маалыматы боюнча, суу берүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймактарда токтотулат:
Биринчи участок
- Алыкулов көчөсү
- Костанайская көчөсү
- Муромская көчөсү
- Садыгалиев көчөсү
- Лев Толстой көчөсү
- Coca-Cola заводунун аймагы
Экинчи участок
- Садыгалиев көчөсү — Чүй проспектиси — Патрис Лумумба көчөсү — Волков көчөсү — Кустанайская көчөсү — Алимжан-Ата көчөсү — Чоң Чүй каналы (ЧЧК) — Ленская көчөсү — Космонавтов көчөсү — Коммунаров көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча дарыясы — Рыскулов көчөсү — Чүй проспектиси — Пишпекская көчөсү — Джамгерчинов көчөсү — Кайназаров көчөсү — Гатчинская көчөсүнө бурулуш — Патрис Лумумба көчөсү — Джамгерчинов көчөсү боюнча Садыгалиев көчөсүнө чейин
Мындан тышкары, төмөнкү турак жай аймактарында да суу өчүрүлөт:
- «Военный городок»
- «Кызыл-Аскер»
- 110-кварталдын турак жай массиви
- «Достук» кичи району
Суу эмне үчүн өчүрүлөт?
Мэриянын түшүндүрмөсүнө ылайык, чектөөлөр «Западный» суу алуучу жайында жана шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо-алдын алуу иштерине байланыштуу.
«Бишкекводоканал» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана уюмдарды алдын ала таза суу камдап алууну өтүндү.









