Бишкек ден соолукту чыңдоо борбору көздүн көрүүсүнүн начарлашынын алдын алуу үчүн бир катар сунуштарды иштеп чыкты. Борбордун маалыматы боюнча, көрүүнү коргоо үчүн үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүү жана адистин көрсөтмөлөрүн так аткаруу маанилүү.
Көздүн саламаттыгын сактоо боюнча негизги сунуштар
- Көрүүнү үзгүлтүксүз текшертип туруңуз — бузулууларды эрте аныктоо жана өз убагында коррекциялоо жашоо сапатына тийгизген таасирин азайтат.
- Жакын аралыкта узак убакыт иштөөдө көзгө эс алуу бериңиз.
- Балдарга күндүзү көчөдө көбүрөөк убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүңүз.
- Атайын дайындалган көз айнекти тагыңыз, аны өз алдынча алмаштырбаңыз жана башкалардын көз айнегин колдонбоңуз.
- Жалпы ден соолукту көзөмөлдөңүз, айрыкча кант диабети жана гипертония сыяктуу көрүүгө таасир этиши мүмкүн болгон ооруларга көңүл буруңуз.
Борбордун билдирүүсүндө, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ВОЗ) сунушуна ылайык, балдар күн сайын кеминде 90 мүнөт күндүзү сыртта болушу керек. Бул чара миопиянын (жакындан көрүүнүн) пайда болушун кечеңдетүүгө жана анын өнүгүшүн жайлатууга жардам берет.
Адистер көрүүнүн начарлашынын белгилери байкалбаса да, профилактикалык текшерүүлөрдү такай өткөрүү зарылдыгын эскертишет. Себеби көптөгөн көз оорулары алгачкы этапта байкалбай өтүп кетиши мүмкүн.









