Кочкор районунда бош орундар жана кесиптер жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Иш-чарага Кочкор районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Талгар Исаев, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Махабат Ниязбек кызы, иш берүүчүлөр жана жумуш издегендер катышты.
«Социалдык контракт» программасы боюнча кайтарымсыз каражат алып, өз ишин ачкан жарандар көргөзмөдө өздөрү чыгарган продукцияны сунушташты.
Жарманкенин жүрүшүндө мыкты социалдык кызматкерлер, ошондой эле аталган программанын аркасы менен ийгиликке жеткен жарандар сыйланды.
Негизги көрсөткүчтөр
Учурда Кочкор районунда 653 адам жумуш издеп жүрөт. Алардын 80и расмий түрдө жумушсуз деген макамга ээ.





























