Президент Садыр Жапаров Балыкчы–Кочкор темир жолунун бутагын Кыргызстан өз күчү менен куруп, чет өлкөлүк компаниялардын баасынан кыйла төмөн болгонун айтты.
Темир жол линиясын ачуу аземинде сүйлөп жатып, ал 63 чакырымдык маршрут толугу менен аяктаганын билдирди. Курулуш учурунда болжол менен 1 миллион куб метр жардыруу иштери аткарылып, 8 чакырым тоолуу аймак тазаланган.
Курулуштун бир чакырымынын баасы 955 миң долларды түздү.
Президент ошондой эле темир жолдун баасын Түндүк—Түштүк жол долбоору менен салыштырды. Анын айтымында, 433 чакырымдык Балыкчы—Жалал-Абад жолунун бир чакырымын куруу 2,5 миллион долларга бааланган. Ошол эле учурда, жол азыркыга чейин толук ишке киргизиле элек.




