Глобалдык жылуулук, божомолдорго ылайык, 1,5 градус Цельсий босогосунан ашат, бирок дүйнө буга даяр эмес. Адаптацияга бөлүнгөн акча талап кылынгандан алда канча аз, жоготуулар менен зыяндын көлөмү өсүүдө. Бул тууралуу ЮНЕПтин жаңы баяндамасында айтылат.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө адаптация үчүн керек болгон ар бир долларга алар болгону 10 цент алышат. Бул ажырым акча менен гана ченелбейт. Ал адам өмүрү, жашоо каражаттары жана жоголгон келечек менен ченелет. Ал эми жылуулук 1,5 градустан ашкан сайын ал дагы өсө берет.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш баяндаманын чыгышына байланыштуу

Баяндаманын авторлорунун эсеби боюнча, 2035-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн адаптация чараларын каржылоого болгон муктаждыгы жылына болжол менен 305 миллиард долларды түзөт.

Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдөн келген эл аралык мамлекеттик каржылоонун өсүшү басаңдап жатат: 2024-жылы сумма 28,2–31,7 миллиард долларды түздү — бул мурунку жылга караганда болгону 1 миллиард долларга көп.

Дүйнө учурдагы климаттык шарттарга ыңгайлашууга даяр эмес, 1,5 градус Цельсий температуралык босогодон ашканда эмне болорун айтпаганда да.
ЮНЕПтин аткаруучу директору Ингер Андерсен

Анын айтымында, Түркиядагы БУУнун Климат боюнча конференциясында (КС-31) жана андан кийин өлкөлөр КС-30да макулдашылган максатка жетүү үчүн аракеттерди күчөтүүгө көңүл бурушу керек — 2035-жылга чейин адаптация чараларын каржылоонун көлөмүн үч эсе көбөйтүү.