Дүйнө жүзү боюнча ысыктан улам каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Лондон университеттик колледжинин жетекчилиги астында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте 100дөн ашык мекеменин изилдөөчүлөрү даярдаган жаңы отчетто айтылды.

Ысык көбүрөөк адамдын өмүрүн алууда

Отчетко ылайык, 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча ысыктын кесепетинен 710 миңдей адам каза болгон. Бул өлүмдөрдүн 70%дан ашыгы адамдын ишмердүүлүгүнөн улам келип чыккан климаттын өзгөрүшү менен байланыштуу.

Ысыктын кесепети (2023-ж.)

710 миңказа болгондор
70%+климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу

Париж келишиминен кийинки жылдары ысыкка байланыштуу өлүмдөрдүн орточо жылдык саны мурунку он жылдыкка салыштырмалуу дээрлик 36%га өскөн.

Экономикалык жоготуулар жана кургакчылык

Изилдөөчүлөр кургакчылыктын күчөшүн, суу менен байланышкан экстремалдык кубулуштардын таасиринин өсүшүн жана олуттуу экономикалык жоготууларды белгилешет. Алардын эсептөөсү боюнча, 2025-жылы ысыктан улам 573 миллиард потенциалдуу жумуш сааты жоголуп, экономикалык зыян 1,07 триллион долларды түзгөн.

Отчеттун авторлору климаттын өзгөрүшүн токтотуу үчүн көрүлүп жаткан чаралар дагы эле жетишсиз деп эсептешет.

Дүйнөдөгү эң ири 100 мунай-газ компаниясы 2040-жылга чейин глобалдык жылуулукту өнөр жайга чейинки деңгээлден 1,5°C чегинде кармоо сценарийине караганда 150%га көбүрөөк казылып алынган отунду өндүрүүнү пландап жатышат. Мурунку отчетто бул көрсөткүч 138% болчу.
Lancet Countdown отчетунан

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, бул маалыматтар климаттын өзгөрүшүн саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү глобалдык өзгөчө кырдаал катары расмий түрдө таануу зарылдыгын көрсөтүп турат. Мындай кадам 31-Конференциянын (COP31) алдында калктын ден соолугун коргоо чараларын күчөтүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.