Оксфам эл аралык кайрымдуулук уюмунун жаңы баяндамасында климат кризисинин кесепеттеринен барган сайын көбүрөөк пайда көргөндөр — дал ошол кризистин себептеринен байыгандар экени баса белгиленет. Ашкере байлар адегенде экологияга зыян алып келүүчү тармактарга салым кошуп, андан соң кырсыктардын кесепеттерин жоюуга багытталган долбоорлорго инвестиция салып, эки тараптуу киреше алышат.
Ашкере байлар адегенде экологияга зыяндуу өндүрүштөргө инвестиция салышат, андан соң климат кризистеринин кесепеттерин жоюу долбоорлорунан да киреше алышат.
Оксфамдын эсеби боюнча, планетанын эң бай 0,1% (болжол менен 8 миллион адам) атмосферага бөлүп чыгарган көмүртектин көлөмү 3,5 миллиард эң кедей адамдардын жалпы чыгарган көмүртегинен ашып түшөт. Бай 1% катмардын бөлүп чыгарган эмиссиялары суу ташкындары, өрт, кургакчылык жана азык-түлүк кризистери сыяктуу климат кырсыктарынын көбөйүшүнө түздөн-түз таасир этет.
Ошол эле учурда ашкере байлар табигый кырсыктардан коргоо, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо тармактарына активдүү инвестиция салып жатышат. Бул рынок жылына 70 миллиард фунттан 92 миллиард фунтка чейин өсөт деп күтүлүүдө. Оксфамдын эскертүүсүнө караганда, мындай көрүнүш климат маселелерин чечүүнү андан ары создуктурууга түрткү бериши мүмкүн.
«Талкала жана кайра кур» индекси
Оксфам «Destroy and Rebuild» («Талкала жана кайра кур») индексин түздү. Ага катастрофалардан кандайдыр бир жол менен киреше тапкан 217 компания кирген: алар өз ишмердүүлүгү менен кырсыктарды шартташат же алардын кесепеттерин жоюшат. 2025-жылы мындай компаниялар орто эсеп менен 1,8 миллиард доллар киреше таап, акционерлерине орто эсеп менен 1 миллиард доллардан ашык дивиденд төлөштү.
Оксфамдын баяндамасынын негизги көрсөткүчтөрү
















