Клетчатканын жетишсиздиги ичегидеги микрофлоранын иштешин бузуп, анын коргоочу функцияларын төмөндөтүшү мүмкүн экени аныкталды. Knews.kg маалыматына ылайык, ичеги бактериялары клетчатка жетпеген учурда ичегини каптап турган коргоочу былжыр катмарды тамак катары колдонуп, зыяндуу кошулмаларды иштетип баштайт.

Адистердин пикири боюнча, клетчатка бул зыяндуу процессти токтотуучу негизги фактор болуп саналат. Ошондой эле, өсүмдүктөрдүн курамындагы айрым белоктор да микробиомдун ден соолугуна чоң таасир тийгизет. Бул белоктор ичегидеги бактериялардын активдүүлүгүн пайдалуу заттарды иштеп чыгууга багыттайт.

Өсүмдүктүү тамак-аш менен азыктануу тамак сиңирүү, иммунитет жана жүрөк-кан тамыр системасынын иштешин жакшыртат. Бул ичегидеги микроорганизмдердин ар түрдүү коомчулугун, тагыраак айтканда, ичеги микробиомун сактоого жардам берет. Көптөгөн пайдалуу бактериялар адамдын өзү иштете албаган тамак-аштын компоненттерин ажыратуу функциясын аткарат.

Бул маалыматтар Принстондук Людвиг рак изилдөөлөрү институтунун директору Джошуа Рабинович жана Дженна АбуСалим тарабынан жүргүзүлгөн эки изилдөөнүн негизинде алынган.