Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Буга байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга жолдо этият болууну сунуштайт.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 10-ноябрда жана 11-ноябрда өлкө боюнча жаан-чачын күтүлөт. Ал эми 11-ноябрда жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ошондой эле катуу туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Министрлик коопсуздукту камсыз кылуу үчүн айдоочуларга төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайт:
- унаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактоо
- ылдамдыкты жолдун абалына жараша төмөндөтүү
- кышкы дөңгөлөктөрдүн абалын текшерүү
- алыскы сапарга чыгууда унаанын техникалык абалын карап чыгуу






