Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкерчилик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети 10-ноябрда Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АБИИ) менен 2026–2028-жылдарга карата каржылоо планы жөнүндө алкактуу макулдашууну ратификациялоону биринчи окууда жактырды.
Бул макулдашуу 27-сентябрда Доха шаарында кол коюлган. Документти Финанс министринин орун басары Нурбек Акжолов сунуштаган. Депутат Камила Талиеванын сунушу менен макулдашуу докладсыз каралды.
Комитеттин чечимине маанилүү талап кошулду: Министрлер Кабинети АБИИ менен болгон ар бир долбоор же программа боюнча макулдашууну Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринин макулдугунан кийин гана кол коюшу керек.






