Керме-Тоо айылы Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Шаарга жакын болгонуна карабастан, айыл тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болгон эмес экенин билдиришти.
Шаардын жанында жашап жатканыбызга карабастан, бизде эч жерде таза суу жок. Ал мектепте да жок. Балдар жерге жатып, арыктан суу ичип жатышат. Мындан тышкары, балдар ойногусу үчүн футбол аянтчасы да жок. Ошондуктан алар ойнош үчүн кошуна айылдарга барууга мажбур болушат.
Ош шаарынын курулуш боюнча вице-мэри Шумкарбек Пайзиев калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жакынкы арада башка конуштарда суу түтүктөрүн тартуу менен бир убакта Керме-Тоо айылына да суу келтирилет.
Ал эми футбол аянтчасын куруу маселеси Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында экенин билдирди. Пайзиевдин маалыматы боюнча, эски мектептин имараты бузулгандан кийин, ошол жерге футбол аянтчасын куруу пландалууда.




















