Керме-Тоо айылында электр зымынын эскиришинен улам үй иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой жатат. Тургундардын айтымында, зымылардын абалы өтө начар болгондуктан, техникаларды колдонуу кыйынчылыктарды жаратууда.

Үйүмдө электр чайнеги да, суу ысыткычы да, башка техникалар да иштебей жатат. Бир приборду күйгүзүү үчүн экинчисин өчүрүүгө туура келет. Сырткы электр зымынын таянычтарын тургундар өз алдынча терек дарактарынан жасашкан. Зымылар абдан эскирип кеткен. Айылдыктар биригип трансформатор орнотушса да, зымыларды алмаштырбаса, анын пайдасы аз. Ал эми кыштын келип жатканы да маанилүү.
Жергиликтүү тургуну

Айылдыктар таза ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин 10 жылдан бери көтөрүп келишет, бирок азырынча жыйынтык жок. Буга жооп катары Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев суу менен камсыздоо боюнча долбоор иштелип жатканын жана келерки жылы бул маселе чечилет деп билдирди.

Шаардык чарба маселелери боюнча вице-мэр Эрнис Толтоев шаар үчүн бул жылы 1800 таяныч сатып алынганын белгиледи. Алардын ичинен Кызыл-Кыштакка 300дөн ашыгы, ал эми Керме-Тоо айылына болжол менен 100 таяныч бөлүнгөн. Аларды орнотуу иштери бүгүн башталып кетти.

1800бөлүнгөн таянычтардын жалпы саны
300+Кызыл-Кыштакка бөлүнгөнү
100Керме-Тоо айылына бөлүнгөнү