«Кок-Жар» жашоо аймагы Бишкек шаарына административдик-территориялык реформа аркылуу кошулгандан кийин, социалдык маселелерди чечүү боюнча жаңы кадамдар көрүлүүдө.

Жашоочуларга туруктуу сапаттуу суу берүү максатында аймакта жаңы скважина казуу каралууда. Бул иш чара жашоочулардын сапаттуу жана жеткиликтүү таза суунун болушуна өбөлгө түзөт.

14-июлда мэр Айбек Джунушалиев «Кок-Жар» айылынын тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна кулак салды. Тургундар суу менен камсыздоодон тышкары, жолдорду оңдоону, инженердик тармактарды өнүктүрүүнү жана социалдык объектилерди курууну өтүндү.

Ранее по темеБишкек шаарында Байтик Баатыра менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде автобус менен жеңил унаа кагылышты
  • Канализациялык системаны куруу
  • Электр энергиясын жеткирүүнү жакшыртуу
  • Фельдшер-акушердик пункт жана бала бакча куруу
  • Жолдорду жана тротуарларды оңдоо

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча мэр шаардык кызматтарга бардык маселелерди карап чыгып, этаптар боюнча чечүүнү тапшырды.