Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 33%га өсүп, 2,3 млрд долларга жеткен. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов 30-октябрда Бишкекте өткөн Кыргызстан-Казакстан экинчи аймак аралык кызматташтык форумунда билдирди.
Анын маалыматы боюнча, 2026-жылдын сегиз айында өз ара соода дагы 20%га жакын өскөн.
Бектенов 2005-жылдан бери казакстандык компаниялар Кыргызстандын экономикасына болжол менен 1,3 млрд доллар инвестиция салганын белгиледи. Учурда Казакстанда кыргыз капиталы менен 3,5 миң компания иштейт, ал эми Кыргызстанда 400гө жакын казак катышуусундагы компания бар.
Премьер-министр транспорттук кызматташтык боюнча да маалымат берди. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы темир жол жүк ташуу көлөмү 6,8 млн тоннаны түзүп, 10%га өскөн. 2026-жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 5 млн тоннадан ашкан, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8%га көп.
Дагы бир келечектүү багыт катары туризм аталды. Бектеновдун айтымында, Кыргызстан менен Казакстан шаардык, экологиялык, пляждык жана ишкердик туризмди өнүктүрүү үчүн бири-бирин толуктаган мүмкүнчүлүктөргө ээ.





















