Казакстан визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандары үчүн электрондук кирүү уруксаттарын (QazETA) киргизүүнү баштады. Бул өзгөрүү Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү, анткени эки өлкө ортосунда визасыз режим бар.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөрүүлөр Казакстан өкмөтүнүн 2026-жылдын 10-октябрындагы токтому менен каралган.
Киргизүү этаптары
- 2026-жылдын 1-ноябры
Актау эл аралык аэропортунда жана "Урлютобе" (Павлодар облусу), "Аухатты" (Жамбыл облусу), "Атамекен" (Түркстан облусу) жана "Нурлы Жол" (Жетису облусу) автомобиль өткөрүү пункттарында ишке кирди.
- 2027-жылдын 1-январы
Астана жана Алматы эл аралык аэропортторунда киргизилет.
- 2027-жылдын 1-марты
Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы бардык калган өткөрүү пункттарында колдонула баштайт.
- 2027-жылдын 1-июлу
Электрондук уруксат милдеттүү болуп калат. Анын жоктугу кирүүдөн баш тартууга негиз болот.
2027-жылдын 30-июнуна чейин өткөөл мезгил иштейт. Бул убакыт аралыгында чет элдиктер электрондук уруксатсыз эле Казакстанга кире алышат. Чек арачылар аларга жаңы талаптар тууралуу маалымат гана беришет.
Электрондук уруксатты кантип алууга болот
Уруксатты QazETA санариптик платформасы аркылуу акысыз алууга болот. Арыз кирүү убактысынан кеминде 72 саат мурун берилиши керек.
























