Түркия бийлиги балдарды санариптик чөйрөнүн терс таасиринен коргоо максатында жаңы эрежени күчүнө киргизди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, 1-ноябрдан тарта 15 жашка чейинки колдонуучулар социалдык тармактарды колдоно албайт жана жаңы аккаунт ача алышпайт.
Жаңы эрежеге ылайык, учурдагы аккаунттардын ээлеринин жаш курагын текшерүү 2027-жылдын 31-мартына чейин улантылат. Бул өткөөл мезгилде платформалардын администрациялары белгиленген жашка жете элек балдарга таандык аккаунттарды этап-этабы менен жаба башташат.
Социалдык тармактарга кирүү үчүн колдонуучулар e-Devlet мамлекеттик сервиси аркылуу өздүгүн тастыктоого милдеттүү. Текшерүүдөн кийин аларга жаш курагы көрсөтүлгөн санариптик токен берилет.
- 15 жашка чейинки балдарга платформаларга кирүү жабылат.
- 15–18 жаштагы өспүрүмдөр досторунун баракчалары менен гана жазыша алышат.
- Өспүрүмдөргө түз эфир (трансляция) жүргүзүүгө тыюу салынат.
- Чоңдорго арналган жарнамалар аларга көрсөтүлбөйт.
Эреже боюнча, 15 жашка чыга элек колдонуучулардын бардык аккаунттары бөгөттөлүшү керек.

















