Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-ноябрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдиргендей, 2021-жылдан 2026-жылга чейинки мезгилде мурда мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен 257 бала бакчанын имараттары мамлекетке кайтарылды. Бул процесс билим берүү инфраструктурасын чыңдоо жана мамлекеттик мүлктү коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Мугалимдердин эмгек акысы жана техникалык камсыздоо
Билим берүү тармагын каржылоо жана мугалимдердин жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча бир катар маанилүү жетишкендиктер катталды. Адылбек Касымалиевдин айтымында, мугалимдердин айлык акысы 100%га жогорулатылып, орточо эмгек акысы 24 798 сомдон 50 550 сомго чейин өстү.
мугалимдин айлык акысы24 798 сом50 550 сом +104%
Ошондой эле окуучуларды жана мугалимдерди заманбап технологиялар менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Азыркы учурда 47 миңден ашык мугалим ноутбуктар менен камсыз болду. Мектептердин инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн төмөнкү иштер пландаштырылган:
- 220 мектепти STEM-лабораториялары менен жабдуу
- 53 IT-кванториум түзүү
- Дуалдык окутуу программаларын ишке ашыруу (өлкөдөгү мектептердин 70%дан ашыгында)
Окуу куралдарынын баасы жана окуу жайлар
Окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнүүчү каражаттын көлөмү кескин өскөн. 2021-жылы 63,5 миллион сом болгон каражат 2026-жылга карата 1 миллиард 400 миллион сомго жетти. Бул көрсөткүч 22 эсеге өстү.
Окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнүүчү каражат
Адылбек Касымалиев
| 2021-жыл | 0,06 млрд сом |
|---|---|
| 2026-жыл | 1,4 млрд сом |
Жогорку окуу жайларынын имараттарын курууга да чоң инвестициялар жумшалууда. Бюбюсара Бейшеналиеванин атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин беш кабаттуу окуу корпусу президенттик фонддон 990 миллион сом каражат менен ачылды. Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети үчүн Жибек Жолу проспектисинде жаңы 16 кабаттуу имарат курулуп жатат.









