Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов «Биринчи радиого» берген маегинде ири компаниянын калктан 5 миллиард сомго жакын каражат чогултканын билдирди. Анын айтымында, компания жогорку киреше убада кылып, калктын акчасын массалык түрдө тарткан.
Маматовдун маалыматы боюнча, компания 20-22 уюм ачып, көзөмөл кызматынын брокердик лицензиясын колдонуп, элдин акчасын пайыз менен чогулткан. Бул тууралуу ал мындай деди:
Төраганын айтымында, жарандарга 18ден 28 пайызга чейин киреше убадаланган. Ал эми кепилденген кирешелүү салымдарды тартуу үчүн Улуттук банктын тийиштүү лицензиясы керек экенин эскертти.
Эгер кимдир бирөө сизге жылына 25, 30 же 40 пайыз кепилдик берсе, этият болуу керек. Бул каржы пирамидасынын белгилери болушу мүмкүн. Мындай кепилдиктер реалдуу эмес.
Маматов көзөмөл кызматы Ички иштер министрлиги жана Улуттук банк менен биргеликте иш жүргүзүп жатканын, чогултулган материалдар тергөө органдарына өткөрүлгөнүн билдирди.
Иш боюнча негизги көрсөткүчтөр
Учурда жарандар алдындагы төлөнбөгөн милдеттенме 3,5 миллиард сомду түзөт. Ведомство башчысы салымчыларга акчаны кайтаруу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
Компаниянын аталышы азырынча ачыктала элек. Тергөө иштери уланууда.

















