Кайрат Маматов Кыргызстанда чет элдик онлайн-казинолор дагы эле иштеп жатканын, жарандар акчасынан, унаасынан жана үйүнөн ажырап жатканын айтты. Анын айтымында, тыюу салынганына карабастан, эл VPN колдонуп же башка жолдор менен чектөөлөрдү айланып өтүүдө.

Каражат бөлүп, бүт интернет-трафикти толук көзөмөлгө алуу керек. Менин оюмча, чыпкаларды орнотуу зарыл. Мисалы, Кытайда интернет-трафик көзөмөлдөнөт, биз ал жакка барганда көптөгөн тиркемелерибиз иштебей калат.
Кайрат Маматов, Финнадзордун төрагасы

Финнадзор жетекчиси порносайттар менен айрым онлайн-оюндарга да чектөө киргизүү маселесин караштырууну сунуштады. Ал балдардын коопсуздугуна байланыштуу Roblox сыяктуу популярдуу оюн платформасын бөгөттөө зарылчылыгын белгиледи.

Маматов Түркияда Roblox тыюу салынганын, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы мындай ресурстарды бөгөттөө маселесин көтөрүп жатканын эске салды. Ал Кытайдын тажрыйбасын мисал келтирип, анда интернет-трафик мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөрүн айтты.

Финнадзор башчысы чыпкалоо системасын киргизүү чоң чыгымдарды талап кылаарын жана TikTok бөгөттөлгөндөгүдөй коомчулуктун нааразычылыгын жаратышы мүмкүн экенин мойнуна алды. Ошентсе да, ал интернет-трафикти көзөмөлдөө Кыргызстан үчүн зарыл чара деп эсептейт.