Кыргызстанда коммерциялык банктардын, төлөм уюмдарынын кызматкерлери жана башка ортомчулар чет элдик онлайн-казиного каржы операцияларын жүргүзүүгө тиешеси бар-жогун текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Анын айтымында, иштеп жаткан чектөөлөргө карабастан, кыргызстандыктар банк тиркемелери жана төлөм системалары аркылуу акча которуп, чет элдик оюн платформаларын колдонууну улантышууда.

Бүгүн биздин жарандар чет элдик онлайн-казинодо ойноп, акчасын, унааларын жана үйлөрүн утулуп жатышат. Ал тургай VPNсиз эле биздин коммерциялык банктар жана төлөм системалары аркылуу төлөм жүргүзүүнүн жолдорун таап алышат.
Кайрат Маматов, Финнадзордун төрагасы

Финнадзордун башчысы мындай операциялар каржы уюмдарынын ички көзөмөл системаларына суроо жаратарын белгиледи.

Коммерциялык банктарда мындай операцияларды көзөмөлдөшү керек болгон IT-кызматтар бар. Азыр биз УКМК менен биргеликте иш алып барып, кайсы компаниялар, кайсы банктар же алардын кызматкерлери буга тиешеси бар экенин аныктап жатабыз.
Кайрат Маматов, Финнадзордун төрагасы

Маматовдун айтымында, чет элдик оюн платформаларына Кыргызстандын жарандарынан төлөм кабыл алууга ким жардам берип жатканын так аныктоо зарыл.

Ал мындай схемаларга акча которуу үчүн техникалык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштаган жергиликтүү ортомчулар катышы мүмкүн экенин жокко чыгарган жок.

Өзгөчө көңүл төлөм терминалдарына жана колдонуучулардын акчасы өтүшү мүмкүн болгон уюмдарга бурулууда. Ошондой эле жарандардын жеке маалыматынын сыртка чыгып кетиши мүмкүн деген маселе да көтөрүлүүдө.