Акыркы убакта көптөгөн жумуш процесстери адамдын түздөн-түз катышуусусуз аткарыла баштады. Документтерди иштеп чыгуу, төлөмдөрдү кабыл алуу жана кардарларга тейлөө сыяктуу иштер акырындап санариптик форматка өтүүдө. Бул процесс тааныш кесиптердин мүнөзүн өзгөртүп, жаңы көндүмдөргө болгон муктаждыкты жаратууда.
Актуалдуулугун жоготпоодо турган кесиптер
Экономист Бахтияр Игамбердиев «Кабар» агенттигине берген маалыматында, кесиптер толугу менен жок болуп кетпей, болгону адамдардын мурда аткарган кайталануучу, күнүмдүк иштери азайп жатканын белгиледи. Бул өзгөрүүлөр негизинен рутиндик тапшырмаларды аткарган адистерди тийгизүүдө.
- Маалыматтарды киргизүүчү операторлор
- Кассирлер
- Колл-борбордун операторлору
- Алгачкы документтер менен иштеген бухгалтерлер
- Жөнөкөй тексттерди которгон котормочулар
- Корректорлор
- Турагенттер
- Банктардагы жана складдардагы типтүү операцияларды аткаруучу кызматкерлер
Адистин айтымында, мындай өзгөрүүлөргө үч негизги фактор таасир этүүдө.











