11-ноябрда Датка айыл аймагында «Камкор» аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Датка айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Иш-чара Датка айыл өкмөтүнүн башчысы С. Зарипбек уулунун колдоосу менен жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Мадый аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда уюштурулду.

Айыл өкмөтү тарабынан аталган иш-чараны өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлгөн. Иш-чара Датка айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери жана Мадый аймактык милиция бөлүмүнүн участкалык инспекторлору менен биргеликте ишке ашырылды.