Кара-Суу районунун борбордук көчөлөрүндө жөө жүрүш болуп, анда «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршыбыз» деген жазуулары бар плакаттар көтөрүлдү.
Иш-чараны Ош облустук милициясынын Кара-Суу районунун Отуз-Адыр аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү уюштурду.
Жүрүштүн негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын укуктук түшүнүгүн арттыруу жана коомдогу ынтымакты бекемдөө болду.


















