Кара-Күлжө айылынын Кара-Гуз бөлүгү боюнча жол узак убакыт токтоп калган. Жергиликтүү тургундар жыл бою чаңдуу жол менен басууга мажбур болуп келишкен.

Айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Иса уулу билдирди: 2025-жылдын аягында 11 чакырымды түзгөн жолдун оңдоп-түзөө иштери титулдук тизмеге киргизилген. Бирок жолдун пайдубалы толук бүтпөй, аба ырайынын ошол учурдагы суугу себептүү иштер токтогон.

Башында жолду куруш үчүн ОсОО «Трест Север» ишканасы тендерди утуп алган, бирок алар убадаларын аткарбай, гравий таштап кетишип, жумуш токтоп калган.

Ошондон улам ДЭП №26 менен байланышып, мурдагы подрядчы менен келишим токтотулуп, жолду оңдоп-түзөө жаатында жоопкерчилик ушул ишканага өткөрүлдү. Учурда иштер кайрадан башталды.

ДЭП №26нын жетекчиси Салмоорбек Акматов суусундуктар үчүн курулган түтүктөр жолдун ортосунда өтүп жаткандыктан, алардын ордун которуу иштери курулуштун создугуна алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Жолду кайрадан тегиздөө жана өткөндөгү жаан-чачындардан улам бузулган участкаларды оңдоо иштери азыр активдүү жүрүүдө.