Италиянын укук коргоо органдары Молдованын тогуз жаранын атактуу сүрөтчүлөр Пьер Огюст Ренуар, Анри Матисс жана Поль Сезанндын картиналарын уурдаган деп шек менен кармашты.

Бул окуя Парма шаарынын жанындагы жеке музейде болду. Кылмышкерлер картиналарды бир нече мүнөткө жетпеген убакытта алып чыгып кетишти.

Кылмыш ишин иликтөө үч айдан ашыкка созулуп, август айында Парма, Модена жана Реджо-Эмилия провинцияларында тинтүү иштерин жүргүзгөндөн кийин шектүүлөр кармалды. Алардан ок атуучу курал да табылды.

Учурда беш шектүү камакта, калгандарынын абалы сотко чейинки териштирүүдө чечилет. Алар кеминде он төрт уурулук окуясына тиешеси бар деп эсептелүүдө.

Ошондой эле иликтөөдө Италиянын тогуз жаранынын да бул кылмышка көмөк көрсөткөнү аныкталып, аларды издөө иштери жүрүүдө.

Уурдалган картиналар менен шектүүлөр

9молдованын жараны кармалган
5